Манас" эпосунун идеясы - эпостун мазмунунда, образдар системасында камтылган негизги ой катары чоң мааниге ээ. Ч. Айтматовдун сөзү менен айтканда “Ириде айтылуучу сөз мындай: эпостун негизги идеясы, анын бүткүл “кан тамырын” аралап өткөн идея адамзаттын жаралышынан бери адамды аздырып-тоздуруп, кубантып сүйүнтүп, издентип, улам алдыңкы максаттарга умтултуп, адам чаалыгып, чарчап баратканда ага канат байлап, күч берип, дем берип келген өлбөс, карыбас идея.