176-көнүгүү.Диалогду экиден окугула да, андагы сүйлөмдүн баш мүчөлөрүн далилдегиле. Мектептин китепканасында
Владик: Саламатсыңбы, Каныкей?
Каныкей: Саламатсыңбы? Сен алдыдагы экзамендерге кандай даярданып жатасың?
Владик: Мен китепканага кыргыз тилинен экзамендик дилбаяндарды жазууга келдим.
Каныкей: Абдан жакшы.Мен көркөм адабияттарга заявка берип койдум. Дилбаян жазууда экөөбүз аларды пайдаланабыз.
Владик: Сен экзамендик дилбаяндардын темаларын билесиңби?
Каныкей: Албетте, кыргыз тили жана адабияты мугалимибиз сабакта дилбаяндардын темаларын жаздырган.
Владик: Менин ишим оңунан чыкты.Сага жолукканыма кубанычтамын. Кана эмесе, ишке киришели!
Каныкей: Бизге керек адабияттардын бардыгы бул китепканада бар экен. Аларды бир сыйра карап чыгалы да, дилбаян жаза баштайлы.
Владик: Мен макулмун!