
Ескерткіш атауы: Алтын адам
Табылған жылы: 1970 жылы
Алғаш зерттеген археолог есімі: К.А.Ақышев
Ескерткіш орналасқан жері: Дәлірек айтқанда: Алматы облысы Есік қаласының солтүстігіндегі Есік өзенінің сол жақ жағалауындағы темір дәуірінен сақталған сақ обасынан табылған алтын киімді сақ жауынгерінің мүрдесі.
Ерекшелігі: Алтын адам киімі 4 мыңға жуық алтын әшекейлермен безендірілген. Әшекейлер барыс, бұлан, таутеке, арқар, ат, түрлі құс бейнелерін беретін “хайуанат нақышында ” жасалған. Бас сүйектің сол жағынан жаһұт тастармен әшекейленген алтын сырға табылды. Бас киімі кейінгі қазақ киімі үлгілеріне ұқсас, биік, шошақ төбелі, ұзындығы 70 см шамасында. Мойнында дөңгелек жүзік сияқты алтын алқа, іш көйлегі, көкірегінің тұсы, жеңі алтын тоғалармен өрнектелген, саусағында екі алтын жүзік, камзолы құрастырылмалы ауыр белбеумен буылған. Белбеуге аңға ұқсас бейнелер, 16 тоға жапсырылған, оң жағында қызыл қынапты ұзын семсер, сол жағында алтын пластиналар жапсырылған қынға салынған темір қанжар — ақинақ, шалбар балағы да алтын тоғалармен әшекейленген.
«КЫЯМАТ” – (1986) Ч. Айтматовдун адабий чөйрөдө карама-каршылыктуу кызуу талаш-тартыштарды жараткан романы. Чыгарманын аталышы жөнүндө автор мындай дейт: «Эмне үчүн «Плаха” деп аталды. Менимче, ал романдын мазмунунан келип чыкты го деп ойлойм. Баталга – бул баш алынчу секи же мыйзам окулчу дөбө гана эмес. Адам өз өмүрүндө эртеби-кечпи баталгага туш келет. Ал кезде баталгага чыгып барган болот, албетте ал ажалдан тыш, аман-соо эле калат, а кээде чыкпай да калышы мүмкүн. Бул жерде аталыш-баталгага баруу кандай күч, кандай баа менен келээрин, дегеле мындай азап-тозоктуу жолго баруунун мааниси барбы-мына ушул жөнүндө айтып турат”. «Кыямат” сов. социалисттик системанын ырдоосунун алдында, «кайра куруу”, «айкындуулук” деп аталган мезгилде жазылып жарыкка келди. Соц. реализм принциптеринин негизиндеги советтик адабияттаануу илими өзгөчө басым жасап «искусство – коомдук аң-сезимдин бир формасы” деп үйрөтүп келгендей романдын идеялык, тематикалык мазмунунда саясий социалдык багыттуулук негизги орундардын бирин ээлейт. » Кыямат ” – ар кандай идеологиялык, коомдук-саясий сенектикти, тоталитардык социалисттик системасын догматикалык принциптерин айыптаган көркөм чыгарма. Романдын сюжеттик-композициялык курулушу жазуучунун мурдагы чыгармаларынан кыйла татаал. Автор романды жазуудагы идеялык-көркөмдүк максатын иш жүзүнө ашыруу үчүн 20-кылымдын акырындагы реалисттик романдын карамагындагы мүмкүн болгон конструктивдик каражаттардын баарысын пайдаланган. Белгилүү адабиятчы Г. Гачев романга мистерия да, притча да, турмуш да, айбанаттар жөнүндөгү эпос да, философиялык диалог да, реалисттик баяндоо да катышкан «синкреттүү китеп” деп аныктама берет. Роман өз-өзүнчө логикалык башталышка жана аякталышка эгедер бир нече аңгеме-баяндардан турат. Алар: Акбара менен Ташчайнардын баяны, Авдийдин диний көз караштарынын тарых-таржымалы, нашакорлордун жүрүшү, Обер-Кандаловдун хунтасынын эт планын толтуруу үчүн Моюнкумдагы кыргын чабыты, грузин элинин «Жетинин бири” аңгемеси, Понтий Пилат, Иисус Назарянин жөнүндөгү инжил легендасы, Бостон менен Базарбайдын окуясы. Мына ушул бири-биринен мезгилдик, мейкиндик ар кыл аралыкта турган окуяларды жазуучу бир проблемалык түйүнгө – башкаруучулук саясаты, бийлик менен коомчулуктун ортосундагы дисгармониянын түпкү себеби болгон адам эркин тушаган идеологиялык сенектик, догматизмдин кесепет натыйжаларын көрсөтүүгө байлайт.